Соода-экономикалык кызматташтык

КРнын Улуттук Статистикалык Комитетинин (Улутстатком) маалыматына ылайык, 2018-ж. январ-апрелинде КРсы менен УБнын ортосундагы товарлардын өз ара соодасы 183,5 млн. АКШ долларын түздү (мындан ары – долл.). 2017-ж. ушундай эле мезгил аралыгына салыштырганда (3,8 млн. долл.) 47,0 %га өстү. Экспорт 180,2 млн. долл. түзүп, 180,0% га көтөрүлдү, ал эми импорт – 3,3 млн. долл. болуп, 113,8%га төмөн түштү.

КРнын Улутстаткомунун маалыматы боюнча, 2018-ж. январ-апрелинде УБ КМШ өлкөлөрүнөн тышкары негизги экспорт өлкөлөрүнүн тизмесининин башында турат, экспорттун жалпы көлөмүнүн 34,0 %ын түзөт (алтын - 178,1 долл.). 2018-ж. 1-кварталына карата (2018-ж. 19 июнуна карата), УБдан КРсына болгон инвестициясы 6,152.7 тыс. АКШ долл. түзүп, 27,1 %га төмөн түштү. Бирок, КРнын Улутстаткомуна ылайык, Улуу Британия Кыргызстанга инвестиция жумшаган негизги өлкөлөрдүн тизмесине кирет, мисалы, Канада, Кытай, Казахстан жана Нидерланды сыяктуу өлкөлөр менен бирге.

Инвестициялык жана туристтик кызматташтыкты өнүктүрүү иретинде, 2018-ж. биринчи жарым жылдыгында «Кыргыз Республикасы – Борбордук Азиядагы өнүгүп келе аткан перспективдүү рыногу» аттуу, акыркы уч жылдык мөөнөттүн ичиндеги Лондондогу үчүнчү жолку, Кыргыз-Британдык инвестициялык форуму өткөрүлдү.

2018-ж. 26-февралдан 1-мартка чейин Кыргызстандагы бизнес абалын таанып-билүү максатында британдык бизнес өкүлдөрүнөн турган Улуу Британиянын экинчи соода миссиясынын иш сапары уюштурулган. Ал эми биринчи британдык соода миссиясынын Кыргызстанга болгон иш сапары 2017-жылдын 27-февралдан 1-мартына чейин уюштурулуп, ал миссияга 15 британдык компаниялар кирген.