Чет өлкөдө болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жана КР Референдумдун жыйынтыктары боюнча маалымат

3954

Ушул жылдын 10-январында Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана мамлекеттин башкаруу формасын аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Референдуму өттү.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин аймагында КР Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо  жана КР Референдум даярдоонун жана өткөрүүнүн алкагында КР ТИМнин алдында түзүлгөн  шайлоо өткөрүү боюнча Штаб тарабынан

КРнын чет өлкөдөгү жарандары менен масштабдуу маалыматтык-түшүндүрмө жана практикалык иштер жүргүзүлдү.

Министрликтин жана КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында КРнын аймагынан сырткары добуш берүүчүлөрдүн тизмеси былтыркы парламенттик шайлоого салыштырмалуу 16877ге көбөйдү. КРнын аймагынан сырткары шайлоочулардын жалпы саны 49481 КР жаранын түзгөн.

Министрликтин сунушу менен 28 чет мамлекеттерде КРнын аймагынан сырткары 48 шайлоо участогу, анын ичинен 3 участок КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Москва жана Тюмень шаарларындагы Өкүлчүлүктөрүнүн базасында түзүлгөн.

Дүйнөдөгү болуп жаткан эпидемиологиялык абалды эске алуу менен  КРнын бардык чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо боюнча чаралар көрүлдү. КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан жүргөн өлкөлөрдүн бийлиги менен КРнын жарандарынын добуш берүү жерлерине  чектөөсүз жеткиликтүүлүгү маселеси  макулдашылган.

Биринчи болуп бишкек убактысы боюнча саат 3.00дө РФнын Южно-Сахалинск шаарындагы КРнын Элчилигинин Кеңсесинин аймагында түзүлгөн шайлоо участогу ачылган. Акыркы болуп добуш берүүнү Вашингтондогу Элчиликтин аймагында ачылган шайлоо участогу өз ишин 11-ноябрда саат 07.00дө аяктады.

Ошондой эле болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Референдумун чагылдырган дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 96 чет өлкөлүк ЖМКлардын өкүлдөрү КР Тышкы иштер министрлигинде аккредителген.

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин аймактарында түзүлгөн 48 УШКда 13452 КРнын жарандары добуш берди.

Чет өлкөдөгү бардык УШКларда шайлоо процесси мыйзамдын алкагында  кандайдыр-бир бузууларсыз, жогоруда белгиленгендей бардык санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо менен өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK