Урматтуу Улуу Британияда, Ирландия Республикасында жана Исландияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!

3990

Урматтуу Улуу Британияда, Ирландия Республикасында жана Исландияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Элчилиги 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандарын 2021- жылдын 11-апрелинде өткөрулө турган "Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча Референдумда добуш берүүгө катышууга чакырат.

Добуш берүү саат 08.00 дөн 20.00 гө чейин Лондон шаарындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имаратында өтөт (УШК №9038). Дареги: W1U 6BJ, Лондон, Кроуфорд көчөсү, 119.

Мамлекеттик порталда www.tizme.gov.kg шилтемеси аркылуу шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздөрдүн аты-жөнүңүз бар же жок экендиги жөнундө маалыматты алсаныз болот.

Эгерде сиз кандайдыр бир техникалык катачылыкты же так эместикти байкасаңыз, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде жок болсоңуз, анда 2021-жылдын 27-мартына чейин арыз менен Элчиликке кайрылсаңыз болот.

Шайлоочулардын тизмесине консулдук каттоодо турган жана биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана киргизилгендигин белгилейбиз.

Баардык суроолор боюнча Элчиликтин тел.203-865-1994, мобилдик номер: 07407131245 жана email: kyrgyzconsuluk@gmail.com аркылуу кайрылсаңыздар болот.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK