Президент Садыр Жапаров Канаданын Премьер-министри Жастин Трюдо менен жолугушту
![](/uploads/content/16672/e76e9f9c-9bcf-3814-b70c-5722bd6b4c10.jpg)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-ноябрда, Глазго шаарында (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Падышалыгы) Дүйнөлүк лидерлердин саммитинин аянтчасында Канаданын Премьер-министри Жастин Трюдо менен жолугушту.
Аталган иш-чаранын алкагында Мамлекет башчысы Канаданын Премьер-министри менен жеке таанышуусу орун алды, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты.