Президент Садыр Жапаров Глазго шаарындагы SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн келди

1833

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 1-ноябрда Глазго шаарындагы SEC Шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн келди.

Саммит өтө турган Шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде Мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң, Президент Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын Премьер-министри Борис Джонсон учурашты.

Мамлекет башчысынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.

Эртең, 2-ноябрда, Президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK