Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүктүрүү министрлигинин Европа жана Америка боюнча министри Венди Мортон менен жолугушту

1657

2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын Глазго шаарында өтуп жаткан БУУ РКИК 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин Саммитине катышуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Тышкы иштер, Шериктештик жана өнүктүрүү министрлигинин Европа жана Америка боюнча министри Венди Мортон менен жолугушту.

Министр Казакбаев Улуу Британиянын климаттын өзгөрүүсүнүн көйгөйлөрүн чечүү боюнча эл аралык күч-аракеттерди координациялоодогу алдыңкы ролун белгилеп, Кыргызстандын глобалдык жылуулукту ооздуктоо боюнча милдеттенмелерин аткарууга умтуларын билдирди.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогорулатууга жана активдештирүүгө даяр экендиктерин билдиришти, ага байланыштуу өз ара сапарлардын графигин талкуулашты.

2022-жылы өлкөлөр ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөөгө байланыштуу биргелешкен иш-чаралар талкууланды.

Аймактык коопсуздук маселелерине, анын ичинде Афганистандагы кырдаалга өзгөчө көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK