Министрлик Кыргызстандын чет өлкөлүк мекемелеринин жетекчилери менен онлайн жолугушууларды өткөрдү

2096

2022-жылдын 13-январында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаровдун Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин башчылары менен видеоконференциясына ылайык, Министрлик (видеоконференцбайланыш форматында – ВКБ) онлайн жолугушууларды өткөрдү: ү.ж. 2-февралында «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери – Кыргыз Республикасынын министрликтери, ведомстволору» форматында, 3-февралында «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги – КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери – Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы өкүлчүлүктөрү жана шаарлардын мэриялары» форматында.

Жолугушуулардын негизги максаты – Кыргызстандын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык мамилелерин кеңейтүү, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана чет өлкөлөрдөгү мекемелердин ортосундагы байланыштарды түзүү маселелерин талкуулоо, чет мамлекеттер менен кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана өнүктүрүү, кайсы бир өлкө менен эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу конкреттүү сунуштарды кароо (кызматташтыктын артыкчылыктуу/негизги багыттарын көрсөтүү менен) ж.б.

Онлайн жолугушуулардын жүрүшүндө Министрлик өлкөнүн жетекчилиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети экономикалык дипломатияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи, бул жаатта Министрлик да, чет өлкөлөрдөгү ведомстволор да өлкөнүн потенциалын илгерилетүү максатында биргеликте тыгыз кызматташууга даяр экени айтылды.

Жолугушуулардын алкагында катышуучулардын ортосунда ата мекендик продукцияны тышкы рынокко чыгаруу, инвестиция тартуу, өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү, региондор менен чет мамлекеттердин аймактар аралык байланыштарын арттыруу жана башка актуалдуу маселелер боюнча сунуш, пикир алмашуу болду.

Жолугушуулардын жыйынтыгын чыгарып, Кыргыз Республикасынын Президентинин региондордогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнө күч-аракетти төмөндөгүлөргө багыттоо сунушталды:

- соода-экономикалык, экспортко багытталган жана өндүрүштүк-инвестициялык компоненттер боюнча ар бир аймактын/облустун потенциалын ачууга басым жасоо менен региондордун жаңыланган «паспортторун» даярдоого;

инвестициялык долбоорлордун жаңыланган маалымат базасын түптөөгө.

Ошону менен бирге, өзүнчө министрликтин, ведомствонун жана чет өлкөдөгү мекеменин ортосунда, ошол эле форматта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги – КР чет өлкөлөрдөгү мекемелери – кайсы бир облустун жетекчилиги форматында бир катар онлайн жолугушууларын уюштуруунун максатка ылайыктуулугу белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK