Кызыккан кыргызстандык компаниялар үчүн эл аралык капитал рынокторуна чыгуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча вебинар өткөрүлдү

1139

2022-жылдын 29-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги Лондон фондулук биржасы (LSE), Renaissance Capital финансылык консалтинг компаниясы жана Dentons финансылык-укуктук компаниясы менен биргеликте эл аралык капитал рынокторго чыгууга кызыкдар болгон кыргызстандык компаниялар үчүн вебинар өткөрдү.

Вебинардын жүрүшүндө катышуучуларга Лондон фондулук биржасы боюнча алгачкы ачык сунуштоо (IPO) процесси, еврооблигацияларды жана эл аралык баалуу кагаздар рыногунун башка инструменттерин чыгаруу боюнча кеңири маалымат берилди.

Вебинарда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчиси У.Джусупов ачылыш сөз сүйлөп, каржылык өнүгүүдө дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү, ар түрдүү эл аралык финансылык инструменттерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алуу үчүн кыргызстандык компаниялар үчүн бул иш-чараны өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Вебинардын жүрүшүндө кыргызстандык компанияларга өздөрүнүн суроолорун берүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Жолугушуунун жыйынтыгында дүйнөлүк каржы рынокторуна чыгуу, ошондой эле улуттук баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү боюнча тыгыз кызматташуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Вебинарга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын ЭКМге караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Фонд биржасы, Кыргызстандын фондулук биржасы - БТС, «РСК Банк», «Айыл Банк», «КыргызТелеком», «Манас Эл аралык аэропорту», «Кыргызиндустрия» өкүлдөрү ж.б. катышкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK