МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Лондон фондулук биржанын Президенти Том Атеборроу менен жолукту

73

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Лондон шаарына (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) болгон жумуш сапарынын алкагында Лондон фондулук биржанын Президенти Том Атеборроу менен жолукту. 

Алгач МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров дүйнөлүк масштабдагы эң эски жана эң ири баалуу кагаздардын соода аянтчаларынын биринин бүгүнкү сессиясын ачты. 

Андан соң Лондон фондулук биржасына келген сыйлуу коноктор үчүн коюлган китепчеге кол тамгасын калтырды. 

Анын арты менен МинКаб Төрагасы эл аралык инвестициялык банктардын өкүлдөрү менен “жашыл” евробонддорду чыгаруу жана кыргызстандык компаниялардын IPOго чыгышы боюнча сүйлөштү. 

Акылбек Жапаров Улуу Британияга болгон жумуш сапарынын алкагында британиялык жана эл аралык каржы институттары жана компаниялары менен ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталганын билдирди. 

“Жаңы тышкы чакырыктарды жана энергетикалык жана транспорттук инфраструктурадагы ири улуттук долбоорлорду ишке ашыруу боюнча милдеттерди эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жаңы экономикалык программаны иштеп чыгууга киришти. Программанын негизги багыттарынын бири – фондулук рынокту өнүктүрүү”, - деди Акылбек Жапаров. 

Ал муну менен Кыргызстан англиялык укуктун элементтерин, биринчи кезекте экономика жана финансы чөйрөсүнө киргизүүнүн артыкчылыктарын изилдеп жатканын кошумчалады. 

Ал эми Лондон фондулук биржанын Президенти Том Атеборроу фондулук рынокту өнүктүрүү жаатында биргелешип кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK