МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британиянын Кардифф шаарына келди

53

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун Кардифф шаарына келди. 

Белгилей кетсек, МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарында боло турган “МАЙНЕКС – Евразия” кен казуу өнөр жайында инвестициялар боюнча 11-эл аралык конференцияга катышып, тоо кен тармагы боюнча сөз сүйлөйт. 

Ошондой эле, Акылбек Жапаров кыргыз-британ ишкерлер кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Мындан тышкары жумуш сапарынын алкагында тоо кен, энергетика, инвестиция, экономика, каржы, соода тармактары боюнча Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK