Министрлер Кабинетинде Улуу Британиянын делегациясы кабыл алынды

47

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Борбордук Азия иштери боюнча мамлекеттик министри Лео Докерти менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин кеңири талкуулашты.

Эдил Байсалов азыркы жетекчиликтин тушунда мамлекеттүүлүктү бекемдөөдөгү жетишкендиктер жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берип, ошондой эле өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары менен тааныштырды.

Тараптар эл аралык күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча пикир алышып, эки тараптуу активдүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK