Алдамчылардан абайланыз!

400

Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын Улуу Британияда сезондук айыл чарба жана башка түрдүү жумуштарга мыйзамдуу негиздери жок орноштуруу шылтоосу менен алдамчылардан сак болууга чакырат жана Кыргыз Республикасынын жарандарын материалдык пайда көрүү максатында жалган компаниялар тарабынан алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын эскертет..

Элчилик жарандарга социалдык тармактарда таркатылган ар кандай чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактардын жарнамалык материалдарына ишеним артпоону сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугундагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын жарандарын сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөтүү маселеси боюнча бирден-бир ишенимдүү юридикалык өнөктөшү – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору гана экендигин эскертет.

Ошону менен бирге, Улуу Британияда жарандарды сезондук жумушка орноштуруу жол-жобосу акысыз экенин жана ийгиликтүү талапкерлер жол чыгашаларын жана 6 айга чейинки мөөнөткө жумуш визасын тариздөө үчүн консулдук жыйымдарды өз алдынча төлөгөнүн эскертебиз.

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилиги жарандарды www.migrant.kg расмий юаракчасынан, ошондой эле Элчиликтин расмий электрондук дареги боюнча kgconsulate.uk@mfa дареги боюнча чет өлкөдө ишке орношуу боюнча жеке агенттиктин мыйзамдуулугун текшерүүгө чакырат.

Кененирээк маалыматты  Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунан төмөнкү даректер боюнча алса болот:

– Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 237;

- Ош шаары, Ленин көчөсү, 221.

Ошондой эле кеңештерди төмөнкү телефондор боюнча ала аласыз: т.1899 (ишеним телефону); +996559189900 (WhatsApp) же www.migrant.kg расмий сайтынан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK