Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Улуу Британиянын Тышкы иштер министринин орун басары У. Мортон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

5188

11-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдуктун Тышкы иштер министринин орун басары, Европа коңшулугу жана Америкалар боюнча министри Уэнди Мортон менен телефон аркылуу сүйлөшүүсү болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле COVID-19 пандемиясынын жайылышын алдыналуу боюнча мамлекеттердин аракеттери талкууланды.

Ч. Айдарбеков Кыргыз Республикасынын Улуу Британияда эл аралык авиакаттамдардын токтотулуусуна байланыштуу калган кыргыз жарандарынын визаларынын мөөнөтүн узарткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Тараптар коронавирустук инфекцияга жана анын тер ссоциалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө практикалык өзара аракеттенүүнү күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK