Улуу Британиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине!

5368

Улуу Британия өкмөтү коронавирустун чыгышына байланыштуу киргизилген карантинди, болжолдуу түрдө дагы үч жумага, 2020-жылдын 7-майына чейин узарткандыгын маалымдайбыз. Биз сиздерди Улуу Британия өкмөтүнүн карантин талаптарын так аткарууга чакырабыз.

Ошол эле учурда, Элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын, анын ичинде Улуу Британиянын университеттеринде билим алып жаткан Кыргызстандын жарандарын консулдук каттоодон өткөрүп жаткандыгын маалымдайбыз.

Ушуга байланыштуу, шилтемедеги тиркелген форманы толтурууну суранабыз: https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSdoY0wfgtNcJYT8rEv4mllggFGsIVxm_sXztC3hkzJ03s0j8Q/viewform?usp=sf_link

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK