Британ министри коронавируска байланыштуу Кыргызстанга көңүл айтты

4964

Улуу Британиянын Европадагы коңшулаштык жана Америка иштери боюнча министри Уэнди Мортон Кыргызстанга коронавирустан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу ал Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов менен жолугушуу учурунда билдирди. Элчиликтин маалыматына караганда, жолугушуу учурунда Эдил Байсалов Кыргызстандагы соңку эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берген. Министр Мортон учурда Британия пандемия менен күрөшкө эл аралык жардамдын бир бөлүгүн кайра бөлүү чечимин кабыл алганын кабарлаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баш болгон эл аралык уюмдарды активдүү каржылап жатканын айткан.

Ошондой эле жолугушууда кыргыз-британ кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK