Президент Садыр Жапаров Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

1255

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 12-сентябрда, Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу жеке көңүл айтуу үчүн Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигине барды.

Мамлекет башчысы көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III, королдун үй бүлө мүчөлөрүнө жана Бириккен Королдуктун жалпы элине чын ниеттен көңүл айтты.

  • Президент Садыр Жапаров Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы көңүл айтуу китепчесине жазуу калтырды

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK