Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү

1776

2022-жылы 14-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусупов “Бритиш Экспертиз” британиялык бизнес-ассоциациясынын мүчөлөрү үчүн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнүн презентациясын өткөрдү, иш-чарага британиялык ишканалардын, университеттердин, экологиялык долбоорлордун өкүлдөрү жана консалтинг компаниялары катышышты.

КРнын Элчиси У.Джусупов Улуу Британия Кыргызстандын Европа өлкөлөрүнүн ичинен эң ири соода өнөктөшү богондуктан, аны менен инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт болуп саналарын белгиледи.

Британиялык ишкерлер чөйрөсүнө өз ара кызматташуунун келечектүү багыттары, атап айтканда, гидроэнергетика, айыл чарба, өнөр жай ж.б. тармактары сунушталды.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргыз Республикасы менен түрдүү тармактарда кызматташууга чоң кызыгуу көрсөтүштү. Тараптар мындан ары да кызматташууну макулдашышты.

КРнын Элчиси ошондой эле британиялык компанияларды Кыргызстан менен жакындан таанышуу жана потенциалдуу өнөктөштөр менен байланыш түзүү үчүн Кыргызстанга келүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK