Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларына Президент Садыр Жапаровдун атынан расмий сый көрсөтүлдү.
Бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмонго, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовго, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге расмий сый тамак уюштурулду.
Сыйлуу меймандар үчүн концерттик программа сунушталды.