Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлери COVID-19 пандемиясына байланыштуу Билдирүү кабыл алышты

4270

КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков үстүбүздөгү жылдын 13-майында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) тышкы иштер министрлеринин видеоконференция форматындагы жолугушуусуна катышты. 
Жолугушуунун жүрүшүндө жаңы коронавирустук инфекция (COVID-19) пандемиясынын жана анын соода-экономикалык, социалдык кесепеттерин жеңүү боюнча күч-аракеттерди координациялоо шарттарында ШКУга катышуучу-мамлекеттердин мындан ары кызматташуу маселелери талкууланды.
ШКУнун ишмердигин мындан ары өнүктүрүү, ШКУнун Мамлекет башчыларынын Кеңешинин Санкт-Петербургдагы жыйынын, министрдик жолугушууларды жана кеңешмелерди даярдоо жана Россиянын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында боло турган башка иш-чараларды даярдоо – жыйындын негизги темасы болду.
Мындан тышкары, тараптар Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына, БУУнун түзүлгөнүнүн 75 жТекылдыгына карата ШКУнун эл аралык мамилелер тутумундагы ролун, ошондой эле региондогу коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча ШКУга катышуучу-мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин коронавирустук инфекция (COVID-19) пандемиясына байланыштуу Билдирүүсү кабыл алынды.

Билдирүүнүн тексти

http://mfa.gov.kg/uploads/content/6626/8aea2134-9471-3c66-952c-f6f2be7bb96b.pdf

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK