Өлкө туралуу маалымат
Өзбекстан Орто Азиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан мамлекет, Афганистан, Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен чектешет. Борбор шаары – Ташкент. Улуттук валютасы – сум. Мамлекеттик тили – өзбек тили. Экинчи орунда – орус тили. Дини – ислам. Көз карандысыздыгы жарыяланган дата – 1991-жылдын 31-августу. Көз карандысыздык күнү 1-сентябрда майрамдалат.
Өзбекстан – укуктук демократиялык мамлекет. Мамлекеттин башчысы – президент. Жогорку мамлекеттик мыйзам чыгаруучу органы – ОлийМежилис. ОлийМежилис эки палатадан турат- Сенат (Жогорку палата) жана мыйзам чыгаруу палатасы (төмөнкү палата). Экономиканын, социалдык жана руханий чөйрөнүн натыйжалуу иштөөсүн, мыйзамдарды, Олий Мажлистин башка чечимдеринин, Президенттин Жарлыктарынын жана буйруктарынын аткарылышын камсыздаган аткаруу бийлигинин органы - Өзбекстан Республикасынын Министрлер кабинети.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү – облустар (вилояттар) жана Каракалпакстан Республикасы. Өзбекстан Республикасынын облустары: Андижан, Бухара, Джизак, Кашкадарыя, Навойи, Наманган, Самарканд, Сурхандарыя, Сырдарыя, Ташкент, Фергана, Хорезм жаанаКаракалпакстан Республикасы.
Калкы: 2021-жылдын 1-январына карата 34558913 адам.