Маалыматтык билдирүү

2626

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү иретинде 2021-жылдын 1-2-майын жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде аза күтүү китеби ачылды.

Көңүл айтуу китебине жазууларды Элчиликтин Ташкент шаарындагы дареги: Ниёзбек йули, 30 көч. 6-өтмөк боюнча төмөнкү күндөрү калтырса болот:

-2021-жылдын 1-майы, ишемби саат 11.00 дөн 17.00 гө чейин;

-2021-жылдын 2-майы, жекшемби саат 10.00 дөн 13.00 гө чейин;

-2021-жылдын 3-майы, дүйшөмбү саат 10.00 дөн 17.00 гө чейин.

Көңүл айтуу билдирүүлөрү Элчиликтин электрондук кутучасына да кабыл алынат.

Курман болгондорго аза күтүү иретинде Элчиликтин имаратында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, маданий жана майрамдык иш-чаралар токтотулган.

  • Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын курмандыгы болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү иретинде 2021-жылдын 1-2-майын жалпы улуттук аза күтүү күнүн жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде аза күтүү китеби ачылды.
Көңүл айтуу билдирүүлөрү Элчиликтин электрондук кутучасына да кабыл алынат.
Курман болгондорго аза күтүү иретинде Элчиликтин имаратында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, маданий жана майрамдык иш-чаралар токтотулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK