Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Ибрагим Жунусов Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты

1917

2021-жылдын 13-декабрында Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чаранын башында Эл аралык Айтматов академиясынын мүчөсү Ахмаджон Мелибоев, Элчи И. Жунусов, ошондой эле университеттин окуу иштери боюнча биринчи проректору Шухрат Тошматов конокторго жана конференциянын катышуучуларына куттуктоо сөзү менен кайрылышты.

Өз сөзүндө И. Жунусов Чыңгыз Айтматовдун, анын бүткүл дүйнө окурмандарын багынткан кайталангыс талантынын зор маанисин белгилеп, залкар жазуучунун жаркын элесине аярлуу мамиле көрсөткөндүгү жана катышкандыктары үчүн бардыгына ыраазычылык билдирди.

Конференциянын алкагында «Ч.Айтматовдун адабий-эстетикалык көз караштары жөнүндө», «Ч.Айтматовдун чыгармачылыгындагы улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктар», «Улуттук кинематографиянын өнүгүшү жана Ч. Айтматов», «Ч.Айтматовдун адабий ой жүгүртүү чеберчилиги жөнүндө» жана «Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштыруу тажрыйбасынан» деген темаларда филология илимдеринин доктору Хамидулла Болтабоев, Өзбекстандын эл жазуучусу Исажон Султон жана башкалар баяндама жасашты.

Иш-чарага ошондой эле «Кабар» маалымат агенттигинин Өзбекстандагы өз кабарчысы Төлөнбай Курбанов, университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун жашоосун жана чыгармачылыгын талкуулашты.

Мындан тышкары, конференциянын алкагында уюштурулган китеп көргөзмө-экспозициясына барышты.

  • 2021-жылдын 13-декабрында Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университетинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 93 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK