Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Владимир Норовго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды

1666

2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Мураталиевич Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Норов Владимир Имамович менен өлкөдө дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу үчүн жолугушту.

Сүйлөшүүнүн башында В.Норов Элчини жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, Өзбекстандагы дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде Элчи М.Джаманбаев кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди ыкчам чечүүгө, ошондой эле дос элдердин бакубаттуулугу үчүн эки тараптуу мамилелердин бардык спектрин мындан ары өнүктүрүү үчүн болгон күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистика, суу-энергетика, туризм жана гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Тараптар кыргыз-өзбек көп кырдуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары да кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө эки тараптын ниетин билдиришти. Мамлекет Башчыларынын саясий эрки менен акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы өз ара ишеним жана ынак коңшулук принциптерине негизделген мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү багытында болуп көрбөгөндөй тарыхый кадамдар жасалганы белгиленди.

Эки элдин ортосундагы мамиле жалпы тарыхка, көп кылымдык достукка жана бири-бирин урматтоого негизделип, ага байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны эл аралык нормаларга жана өз ара кызыкчылыктарга таянып аныктоонун бүтүшү, аны ынак коңшулуктун жана кызматташтыктын чек арасына айландыруу соода-экономикалык жана маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөөрү баса белгиленди.

Биздин өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктүн өсүшүнө катализатор болуучу Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жакында эле расмий ачылышын колдошту. Бул фонд калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, экономиканы өнүктүрүүгө жана чек ара аймактарында коопсуздукту туруктуштурууга жардам берет.

Камбар-Ата ГЭС-1 жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун, Кызыл-Кыя шаарында чек ара соода-логистикалык борборду жана азыркы мультимодалдык коридор менен туташкан «Иркештам-Дароот-Коргон-Уч-Коргон» автожолун куруунун инфраструктуралык долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүгө, ошондой эле эки тараптуу өнөр жай кооперациясын кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Министрликтердин жана ведомстволордун деңгээлинде интенсивдүү байланыштарды улантуу боюнча макулдашуу жетишилип, жогорку жана аймактар ​​аралык деңгээлде боло турган иш-чаралардын графиги талкууланды.

  • 2022-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Мураталиевич Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Норов Владимир Имамович менен өлкөдө дипломатиялык миссиясынын башталышына байланыштуу ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшыруу үчүн жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK