Ташкентте кыргыз тилинин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар сыйланышты

1309

2022-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Муса Джаманбаев менен «Кыргыз тили» коомунун Президенти Райымжан Курбановдун катышуусунда кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга арналган жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарага Өзбекстандын Кыргыз улуттук маданий борборунун Төрагасы Рахматулла Джаббаров, «Өзбекстан-Кыргызстан» достук коомунун директору Зухриддин Исомиддинов жана Өзбекстан Республикасында жашаган кыргыз диаспорасынын башка өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элчи М. Джаманбаев кыргыз тилин сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эне тилин үйрөнүүгө, анын ролун чыңдоого, ошондой эле аны чет өлкөлөрдө жайылтууга багытталган ишмердүүлүгү үчүн республикалык «Кыргыз тили» коомунун Президенти Р.Курбановго жана мекендештерге ыраазычылык билдирди.

Жыйындын алкагында Р. Курбанов республикалык коомдун атынан кыргыз тилин үйрөнүүгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн иш-чаранын катышуучуларына «Ыйык тил» төш ​​белгилерин тапшырды.

Иш-чаранын алкагында Р.Курбанов белгилүү кыргыз адабиятынын инсандарынын ырларын аткарып, улуттук маданиятты өнүктүрүү, чет жерде жашаган мекендештер арасында эне тилди сактоо маселелери да талкууланды.

Мындан тышкары кыргыз тилиндеги китептерди тапшыруу болуп өттү.

  • 2022-жылдын 7-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи Муса Джаманбаев менен «Кыргыз тили» коомунун Президенти Райымжан Курбановдун катышуусунда кыргыз тилин өнүктүрүүгө жана жайылтууга арналган жолугушуу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK