Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын сүрөтчүлөрүнүн чыгармачылык союзунун төрагасы Ибрагим Валиходжаев менен маданий байланыштарды кеңейтүү маселесин талкуулады

1185

2022-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде Элчи М.Джаманбаев Өзбекстандын сүрөтчүлөр чыгармачылык союзунун Төрагасы Ибрагим Валиходжаев менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар маданият жана искусство тармагындагы, ошондой эле эки өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн ортосундагы кызматташуу маселелерин, биргелешкен көргөзмөлөрдү үзгүлтүксүз негизде уюштуруу менен бул байланыштарды кеңейтүү жана эки өлкөнүн ортосундагы чыгармачылык алакаларды (алмашууларды) арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Элчи М.Джаманбаев эки өлкөнүн маданият жана искусство тармагындагы салттуу достук байланыштарын белгилеп, бул багытта өз ара кызматташууну активдештирүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстандын сүрөтчүлөр чыгармачылык союзу менен Кыргызстандын сүрөтчүлөр союзунун ортосунда кызматташуу боюнча эки тараптуу Меморандумга кол коюуну иштеп чыгууну, ошондой эле эки өлкөнүн сүрөтчүлөрүнүн ортосундагы байланыштарды жана алмашууларды кеңейтүүгө, сүрөт көргөзмөлөрүн өткөрүүгө көмөктөшүүнү макулдашышты.

  • 2022-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде Элчи М.Джаманбаев Өзбекстандын сүрөтчүлөр чыгармачылык союзунун Төрагасы Ибрагим Валиходжаев менен жолугушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK