Элчи Ибрагим Джунусов, 2019-жылдын 16-майында “Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-өзбек адабий байланышы” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты

3419

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов, 2019-жылдын 
16-майында “Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-өзбек адабий байланышы” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты. Аталган конференция Өзбекстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жардамы менен Ташкент шаарындагы Мирзо Улугбек атындагы Өзбек улуттук университетинде өтү. 
Жыйынга айтылуу акын-жазуучулар, адабий сынчылар,  окумуштуулар, Өзбекстан Республикасынын Мырза Улугбек атындагы Улуттук университетинин жетекчилери жана профессор-окутуучулары ошондой эле студенттер катышты. Конференция уюштуруучуларынын чакыруусу менен, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги, Тил жана адабият институтунун директору A.Акматалиев баштаган кыргыз делегациясы катышышты.
Улуу жазуучунун чыгармачылыгына арналган пленардык баяндамалар тегерек стол үстүндө өттү.
Конференциянын соңунда, Жазуучунун эл аралык клубдар аралык бирикмеси жана Эл аралык Айтматов академиясынын сыйлыктары менен, “Ч.Айтматов жана Өзбекстан” туруктуу көргөзмө-жетекчиси А.Мелибоев, белгилүү өзбек котормочулары А.Рашидов жана И.Гафуровдор сыйланышты. Ошондой эле “Кабар” маалымат агентигинин Өзбекстандагы өз кабарчысы Т.Курбанов аталган сыйлыкка ээ болду.
Ошол эле күнү, Кыргыз делегациясы, Элчи И.Джунусов менен биргеликте Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиёев демилгеси менен Ташкент шаарында Ч.Айтматов көчөсүнө орнотулган жазуучунун айкелине гүл коюшту.

  • Элчи Ибрагим Джунусов, 2019-жылдын 
16-майында “Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-өзбек адабий байланышы” эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK