Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Жаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б. Саидов менен жолугушуусу тууралу

595

2023-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Жаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б. Саидов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиеевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Мамлекеттик визиттин алдында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Өзбекстан Президентинин күтүлүп жаткан мамлекеттик сапары мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде бекемдөөгө мүмкүндүк берет жана кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп баса белгиленди.

Тараптар эки мамлекет башчынын саясий эркинин аркасында акыркы жылдары өз ара ишеним жана коңшулук принциптерине негизделген эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынганын баса белгилешти.

Маектештер ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б.Саидов толук колдоо көрсөтүп, Министрликтин атынан Элчилик менен жемиштүү өз ара аракеттенүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга жигердүү күч-аракет жумшоого даярдыгын билдирди.

 

  • 2023-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Жаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б. Саидов менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиеевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.
Мамлекеттик визиттин алдында белгиленген биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Өзбекстан Президентинин күтүлүп жаткан мамлекеттик сапары мурда жетишилген макулдашууларды жогорку деңгээлде бекемдөөгө мүмкүндүк берет жана кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот деп баса белгиленди.
Тараптар эки мамлекет башчынын саясий эркинин аркасында акыркы жылдары өз ара ишеним жана коңшулук принциптерине негизделген эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынганын баса белгилешти.
Маектештер ошондой эле дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө боюнча бир катар маанилүү иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Б.Саидов толук колдоо көрсөтүп, Министрликтин атынан Элчилик менен жемиштүү өз ара аракеттенүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен иштерди улантууга жигердүү күч-аракет жумшоого даярдыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK