Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси М. Джаманбаевдин Кыргыз Республикасынын транспорт министри Т. Текебаев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү

1254

2022-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муса Джаманбаевдин Кыргыз Республикасынын транспорт министри Тилек Текебаев менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Айта кетсек, ал Түрк мамлекеттеринин Уюмунун транспорт министрлеринин жыйынына катышкан (2022-жылдын 27-28-октябры, Ташкент шаары).

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы транспорт тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болуп, жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча негизги жана артыкчылыктуу маселелерди белгилеп, ыкчам өз ара аракеттенүүгө жана коюлган бардык маселелерди чечүүгө шарт түзүлдү. "КЭР-КР-РУз" темир жол долбоорунун маанилүүлүгүн жана тез арада ишке ашырылышын жана өзбек тарап менен эриш-аркак иштөөнү өзгөчө талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүүчү участок ташуучуларга, бизнес-чөйрөгө кызыктуу болуп, масштабдуу жүк жүгүртүлүшү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо жана шарттарды түзүү зарылдыгы баса белгиленди.

Мындан тышкары, транспорттук логистиканы андан ары өнүктүрүү маселелери жана Кыргызстанга авиа каттамдарды көбөйтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.

Элчилик тарабынан макулдашылган ишти жүргүзүү жана Өзбекстан Республикасы менен транспорт чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары алдыга жылдыруу зарылдыгы баса белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK