2022-жылдын 27-сентябрына карата маалымат билдирүү

1790

Кыргызстандын делегациясы Тажикстан делегациясы тарабынан ишемби күнү, 2022-жылдын 24-сентябрында жасаган билдирүүсүнө жооп берүү укугунан пайдаланып, анда тажик тарап бардыгын өзүнө жагымдуу түрдө көрсөткөн деп билдирди. Тажикстан биздин өлкөгө каршы куралдуу агрессияда өзүнүн күнөөсүн мойнуна албай, бардык күнөөнү бизге оодарууга аракет кылып жатканы да алдын ала айтылган.

Кыргыз тарап быйыл 14-сентябрдан 17-сентябрга чейин болгон жаңжал Тажикстандын Кыргызстанга карата алдын ала пландалган аскерий агрессиясы экенин белгиледи. Тажикстан БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, чек аралардын кол тийбестиги, талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо же күч колдонуу менен коркутпоо, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо сыяктуу негизги эл аралык принциптерди бузган.

Тажикстандын куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен негизсиз агрессиясынын натыйжасында Кыргызстандын 62 жараны каза болуп, 200гө жакыны жарадар болгон, анын ичинен 13ү жаш балдар, 14ү аялдар жана 171и эркектер. 140 миң адам туруктуу жашаган жеринен көчүрүлүп, ички жер которууга аргасыз болгон.

Буга байланыштуу кыргыз тарап Тажикстандын Кыргызстанга карата негизсиз айыптоосун жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргызстанга оодаруу аракети деп эсептейт. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоо максатында эл аралык коомчулукка жалган маалымат таратуу кампаниясын баштады. Кыргызстанда тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиясынын жана кылмыштарынын башталышы боюнча бардык далилдер (фото жана видео) бар.

Кыргыз Республикасы Тажикстанга тиешелүү жерлерди өзүм билемдик менен басып алды деген маалымат да коңшу өлкөдөн тараган жалган маалыматтардын бир бөлүгү. Коңшулардан айырмаланып, биз эч качан бөтөн аймактарды басып алууну максат кылган эмеспиз, бирок “жерибиздин бир сантиметрин да эч кимге бербейбиз”.

Кыргызстан өзүнүн аскерлерин жана аскердик техникасын калктуу аймактарга жашырып жатканы тууралуу сөздүн жөн эле адаштыруу максаты бар. Буга байланыштуу чек арада мындан аркы чыңалуу үчүн жоопкерчилик бир гана Тажикстанга жүктөлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK