Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусуповдун Улуу Даражалуу Ханыша Елизавета IIге Ишеним грамотасын тапшыруу аземи өттү

1759

2022-жылы 7-июлда Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчиси Улан Джусуповдун Улуу Даражалуу Ханыша Елизавета IIге Ишеним грамотасын тапшыруу аземи виртуалдык режимде өттү.

Элчи У.Джусупов Ишеним грамотасын тапшыруу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кызматташтыктын жогорку деңгээлин жана алардын ар түрдүү тармактарда өнүгүү келечегин баса белгиледи.

У.Джусупов ошондой эле Улуу Даражалуу Ханышанын монархтын тактысына отурганынын 70 жылдыгы жана Улуу Британиянын ушул жылдар бою ийгиликтүү башкаруусу менен куттуктады. Ошону менен бирге ал белгилегендей, буга чейин, ү.ж. 6-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров Ханышаны платина мааракеси менен куттуктап, анда Кыргызстандын элинин эң жакшы каалоо-тилектерин Ханыша Елизавета IIге жеткирген.

Элчи кыргыз-британ мамилелерин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Өз кезегинде Ханыша Елизавета II У.Джусуповду Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына киришүүсү менен куттуктап, ага жемиштүү иш, пландарын ишке ашырууда ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK