Лондондо Антигуа жана Барбуда менен Кыргыз Республикасынын ортосунда дипломатикалык байланыш орнотуу боюнча келишимге кол коюлду.

4233

2021-жылы 3-июнда Кыргыз Республикасы менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге кол коюлду. Кыргыз Республикасынын атынан - Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эдил Байсалов, Антигуа жана Барбуда тарабынан - Жогорку комиссар Карен Мэй Хилл айым документке кол коюшту.

       Биргелешкен коммюнике кол коюлган заматтан тартып күчүнө кирет.

       Эки өлкөнүн миссияларынын башчылары эки тараптуу деңгээлде жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Тараптар Кыргызстан менен Антигуа жана Барбуда ортосундагы достук мамилелерди жана ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана чыңдоого каалоолорун билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK