2022-жылдын 21-22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Джусупов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары – ЕРӨБ) жетекчилиги менен уюмдун Лондон шаарындагы штаб-квартирасында жолугушту.

2042

ЕРӨБ Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Жужанна Харгитай жана ЕРӨБ Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн Регионалдык директору Айтен Рустамова менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен ЕРӨБ кызматташтыгынын 30 жылдыгына карата биргелешкен иш-чаралар талкууланды. Белгиленген мезгил ичинде 800 млн АКШ долларынан ашык суммага 207 долбоор ишке ашырылды.

Тараптар даярдалган жаңы долбоорлорду карап чыгышты: «Бишкек автобустары», «Жашыл шаарлар», «Ирригациялык системаны өнүктүрүү» жана «Чакан ГЭСтерди куруу».

ЕРӨБ жашыл экономика, кайра жаралуучу энергия жаатындагы Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарын толук колдоп, аларды ишке киргизүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика секторундагы көйгөйлөрдү чечүүдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендиги белгиленди.

Банк Кумтөр боюнча Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд» ишканасынын ортосундагы талаштын чечилишин позитивдүү баалагандыгын жана бул өлкөнүн келечектеги инвестициялык перспективаларына түрткү берерин Ж.Харгитай баса белгиледи.

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон ЕРӨБ Башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Чагатай Имирги менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан үчүн багытталган инвестициялык долбоорлордун ЕРӨБ тарабынан колдоого алынышы маанилүү экендиги билдирди.

Ч.Имирги ошондой эле кыргыз тарап менен Канаданын «Центерра Голд» ишканасынын ортосундагы талаштын чечилиши Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатка болгон эл аралык ишенимди калыбына келтирүүгө өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK