Президент Садыр Жапаров Улуу Британиянын Королу Карл III Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

1751

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Улуу Британиянын Бириккен Королдугу жана Түндүк Ирландиянын Королу Карл III Королева Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

"Улуу Даражалуу Королева Елизавета II каза болгондугу тууралуу кабар Кыргыз Республикасында терең кайгыруу менен кабыл алынды. Өзүмдүн жана Кыргыз Республикасынын элинин атынан терең кайгыруу менен көңүл айтуумду кабыл алыңыз.

Королева Елизавета II ар дайым Улуу Британиянын мамлекеттик кызыкчылыктарына кызмат кылуунун жана өз элине камкордук көрүүнүн үлгүсү болуп кала берет. Ушул кайгылуу саатта королдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана Улуу Британиянын бүткүл элине көңүл айтам", - деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK