Министр Ч.Айдарбеков КМШ Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин видеоконференцбайланыш форматындагы кезектеги жыйынына катышты

4221

2020-жылдын 12-майында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков КМШга катышуучу-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин (ТИМК) видеоконференцбайланыш форматындагы кезектеги жыйынына катышты.
Эл аралык жана региондук актуалдуу көйгөйлөр боюнча пикир алмашуулар болду, Шериктештиктин алкагында өз ара аракеттенүүнүн жана анын органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуунун бир катар аспекттери талкууланды.
ТИМКда КМШ мамлекеттеринин башчыларынын Кеңешинин жана өкмөт башчыларынын Кеңешинин алдыда боло турган жыйындарынын күн тартибине негизги көңүл бурулду. Атап айтканда, КМШ өлкөлөрүнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары 2021-2030-жылдарга стратегиялардын долбоорлорун, адардын ичинде, жаштар боюнча кызматташтык, туризмди, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча стратегиялардын долбоорлорун жактырышты. 2022-жылы Каракол шаарын Шериктештиктин Маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын сунушун делегациялардын башчылары колдошту.
Кеңештин мүчөлөрү ошондой эле коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган бир катар документтерди карашты. Атап айтканда, аскердик кызматташуу жана Шериктештиктин тышкы чек араларындагы кризистик кырдаалды жөнгө салуу үчүн бөлүктөрдү түзүү маселелерин козгогон документтердин долбоорлору жактырылды.
КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков өз сөзүндө коронавирустук инфекция пандемиясы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө бирдиктүү аракеттерди көрүү боюнча сунуштарды айтты. Кыргыз делегациясынын башчысы оор кырдаалга туш болгон кыргыз эмгек мигранттарынын абалына өзгөчө көңүл бурду жана аларга ар тараптуу жардам, колдоо көрсөтүү суранычы менен кайрылды.
КМШ ТИМКнын кийинки жыйынын 2020-жылдын 15-октябрында Өзбекстан Республикасында, Ташкент шаарында өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK