Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Мариповдун Падыша Сауд университетинин Ректору д-р Бадран Аль-Омар менен жолугушту

Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун Падыша Сауд университетинин Ректору доктор Бадран Аль-Омар менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Падыша Сауд университети менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү, академиялык жана илимий-изилдөө тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Марипов саудиялык тарапка Падыша Сауд университети менен Кыргыз Республикасынын кызыкдар болгон жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарды түзүү, ошондой эле бул окуу жайда биздин студенттерди окутуу маселесин кароону сунуштады.

Өз кезегинде доктор Бадран Аль-Омар Кыргыз Республикасынын кызыккан студенттери жана академиктери Падыша Сауд университетинин ар кандай магистратура жана докторантура, ошондой эле биргелешкен илимий жана академиялык изилдөө программаларын пайдалана ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы аракеттерди талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармап турууга, ошондой эле эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдардын долбоорлоруна кол коюуга даярдык иштерин баштоого макулдашышты.

Маалымат үчүн: Падыша Сауд Университети 1957-жылы Падышалык Жарлык менен негизделген өзүнүн олуттуу бюджети бар Сауд Арабиянын алдыңкы жогорку окуу жайы. Университетте 60 миңге жакын саудиялык жана чет өлкөлүк студенттер илим жана технология, лингвистика, медицина жана башка чөйрөлөрдө билим алышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK