2019-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Россия Федерациясынын Тверь облусунун Губернатору И.Руденя менен жолугушту

2019-жылдын 20-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкулов Россия Федерациясынын Тверь облусунун Губернатору И.Руденя менен жолугушту.

         КР менен Тверь облусунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну тереңдетүү, Тверь облустук вагон куруучу завод менен өз ара аракеттенүү, эки тараптуу мамилелердин келишимдик базасын кеңейтүү, региондун шаарлары менен КРнын Жалал-Абад облусунун калк жыш жайгашкан пунктары менен боордош мамилелерди орнотуу, КРдан РФнын Тверь облусунда эмгектенип жаткан мигранттарынын жүрүү шарттары тууралуу маселелери талкууланды.

         2020-жылды КРнын Россиядагы жана РФнын Кыргызстандагы эн сонун жылы деп жарыялоо тууралуу алкагында биргелешкен аракеттерди көрүү, 2020-жылы Екатеринбургда Кыргыз-Россиялык кезектеги региондор аралык конференциясына Тверь облусунун катышуусу боюнча  өзүнчө сүйлөшүүлөр болду.

         КРнын Президенти С.Жээнбековдун тапшырмасы боюнча Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында Ржев шаарынын алдында мекенди коргоодо курман болгон кыргызстандык аскерлерге эстелик мемориал орнотуу жолугушуунун өзүнчө маселеси болду. Россия Федерациясынын Тверь облусунун жетекчилиги жана Ржев шаарынын Администрациясынын башчысы В.Родивилов эстелик орнотуу идеясын колдошту.

         Ошондой эле Элчи А. Джекшенкулов Тверь Айыл чарба Академиясынын имаратында Твердеги кыргыз диаспорасынын активисттери жана ал шаарда эмгектенген кыргызстандык жарандар менен жолугушту. Катышуучулардын маселелери негизинен каттоо, паспортизациялоо, кош жарандуулук жол-жоболору, ар-кандай документтерди жана маалым каттарда тариздөө тиешелүү болду Элчи тарабынан туруктуу өз ара аракеттенүүгө, диалогго жана ачыктыкка даярдыгы белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK