2019-жылдын 3-майында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин комитетинин (массалык кыйратуучу куралдарды таратпоо боюнча) 1540-резолюциясынын аткарылышы боюнча Өнөктөшүк серепке катышуучу-өлкөлөр – Кыргыз Республикасы, Беларуссия жана Тажикстан Республикалары катышканүч тараптуу биргелешкен презентация болду

Отурумдун жүрүшүндө БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча Өнөктөштүк серептин алкагында үч мамлекеттин кызматташуусу тууралуу маалымат алышкан.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасы, Беларуссия жана Тажикстан Республикалары аралык “2+1” форматындагы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540- резолюциясынын аткарылышына карай үч тараптуу сереп  2014-2017-жылдарда ийгиликтүү өткөрүлгөн. Серептин алкагында Бишкекте, Минскиде, Душанбеде жолугушуунун үч раунду болуп өткөн, ошондой эле серептин раунддарынын ортосунда улуттук деңгээлде жумушчу консультациялар өткөрүлгөн.

Өнөктөштүк серептин максаты БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын, анын ичинен Белоруссия Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Тажик Республикасынын иш-аракеттеринин Улуттук пландарынын конкреттүү жоболорун ишке ашыруу аркылууулуттук деңгээлде аткарылышына көмөктөшүү болуп саналат.

Презентациянын жүрүшүндө КРнын БУУга караштуу Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлү М.Молдоисаева, КыргызстанБУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын,жалпы кыйратуучу куралдарды таратпоо  жана  террордук уюмдардын колуна түшүү коркунучун алдын алуу жаатындагы эң маанилүү иш-чара катары жанаошондой элеөз учурунда жасалганреакция катары караарын айтып өттү.

БУУ Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясынын жоболорун аткаруу үчүн Кыргыз Өкмөтү, кош багыттагы товарларды экспорттук контролдоонун  улуттук тутумун бекемдөөгө багытталган аракеттерди көрүүдө.

Биргелешкен презентациянын жыйынтыгында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү массалык кыргын салуучу куралдарды таратуунун алдын алуу боюнча Кыргызстандын, Беларуссиянын жана Тажикстандын аракеттерин жогору баалашты жана бул жааттагы эл аралык жана региондор аралык кызматташууну улантуу маанилүү экенин белгилешти

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK