2019-жылдын 9-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргызстанга расмий иш сапар менен келген Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ-ОБСЕ) учурдагы Төрагасы, Словакия Республикасынын Тышкы жана европалык иштер министри Мирослав Лайчак менен жолукту.

«Кыргыз Республикасын ЕККУнун маанилүү катышуучусу деп эсептейбиз. Биз ЕККУнун алкагындагы биздин кызматташтык жана өз ара аракеттенүүбүздүн жыйынтыктары менен сыймыктанабыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Бишкектеги ЕККУ Академиясынын ишмердүүлүгүнө көрсөтүп жаткан колдоосун жогору баалайбыз», - деп белгиледи ЕККУнун учурдагы Төрагасы М.Лайчак.

Өз кезегинде Ч.Айдарбеков Кыргызстан менен ЕККУнун кызматташтыгынын флагманы болуп саналган Бишкектеги ЕККУ Академиясынын ишмердүүлүгүнө берилген ЕККУнун жогорку баасын кыргыз тарап тең бөлүшөрүн белгиледи. Мында КР тышкы саясий мекемесинин Башчысы Бишкектеги ЕККУ Академиясынын дараметин пайдаланууну күчөтүү маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Тараптар Кыргызстандын ЕККУ менен өз ара аракеттенүү маселелерин кенен талкуулап, кызматташтыкты бекемдөө ниетин билдиришти. Өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук стратегиялык документтеринин алкагында приоритеттүү милдеттерди ишке ашырууда ЕККУ Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи.

Жолугушуудан кийин Министр Ч.Айдарбеков жана ЕККУнун учурдагы Төрагасы М.Лайчак “ЕККУнун Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгүнүн 20 жылдыгы – жетишкендиктер жана келечектер” аттуу конференциянын ачылышына катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK