КРнын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.Тотуяев Пакистандын Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ажар Зафар жана анын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту

Ушул жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Исламабад шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Ажар Зафар жана анын ардактуу мүчөлөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2023-жылдын башындагы кезектеги кыргыз-пакистан бизнес форумун, товарлардын жана кызматтардын ар кандай түрлөрүнүн биргелешкен көргөзмө-жарманкелерин, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган башка иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Элчи У.Тотуяев жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле пакистан тарабы үчүн потенциалдуу кызыктуу болгон эң келечектүү инвестициялык долбоорлор тууралуу кеңири маалымат берди. Ал пакистандык ишкерлерин Кыргызстанга иш сапар менен келип, ишкердик байланыштарды түзүүгө, ошондой эле КРнын Соода-өнөр жай палатасы менен биргелешкен иштерди уюштурууга чакырды.

Өз кезегинде А.Зафар кыргыз тарабы менен өз ара пайдалуу мамилелерди түзүүгө даяр экенин билдирди. Буга байланыштуу ал мамлекеттик деңгээлде да, эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун деңгээлинде да соода боюнча биргелешкен жумушчу топторду түзүү боюнча иш-чараларды активдештирүүнү сунуштады.

Ошону менен бирге, А.Зафар КРнын Соода-өнөр жай палатасынын жаңы дайындалган президенти Т.Сариевди бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен бирге Пакистанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK