Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү Саясий департаментинин директору У.Джусупов Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Ульманн менен жолугушту

2021-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үчүнчү Саясий департаментинин директору У.Джусупов Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Ульманн менен жолугушту.

Директор У.Джусупов Швейцариянын Элчисине өлкөдөгү учурдагы ички саясий кырдаал, ушул жылдын 11-апрелинде боло турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, ошондой эле КР Конституциясы боюнча референдумду дайындоо жөнүндө КР ЖК Мыйзамынын кабыл алынышын күтүлүп жатканы жөнүндө маалымат берди.

Швейцария тарапка Кыргыз Республикасына саламаттыкты сактоо, айыл чарба, туризм жана башка тармактарды колдоо түрүндө COVID-19 пандемиясынын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган каржылык жана гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирилди. Швейцариянын мындан аркы колдоосун алуу маселелери талкууланды. Швейцариянын мындан аркы колдоо маселелери талкууланды.

Тараптар 2017-2021-жылдар аралыгында Швейцария менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтык Стратегиясын ишке ашыруунун алкагында саламаттыкты сактоо, жумуш менен камсыз кылуу жана экономикалык өнүгүү, мамлекеттик секторду, суу ресурстарын реформалоо жаатында долбоорлор ишке ашыруу, инфраструктура жана климаттын өзгөрүшү тууралуу талкуулашты.

Эки тараптын тең кызыкчылыктарын эске алуу менен 2021-жылдан кийинки жаңы Стратегиянын алкагында кызматташуунун жаңы артыкчылыктуу багыттарын аныктоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдары боюнча кызыктуу пикир алмашуу болуп, үстүбүздөгү жылга иш-чаралардын графиги каралды.

Эл аралык уюмдардын алкагындагы ийгиликтүү кызматташтыкка көңүл бурулуп, өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүнүн келечеги талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK