КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери Жалпы россиялык коомдук программанын “Улуттук улуулук” – “Национальное величие” сыйлыгын тапшыруу салтанаттуу аземине катышты

2019-жылдын 29-ноябрында КРнын РФдагы Элчилигинин кызматкерлери   Жалпы россиялык коомдук программанын “Улуттук улуулук” – “Национальное величие” сыйлыгын тапшыруу салтанаттуу аземине катышты.

ЕАЭБнин түзүлүшүнүн беш жылдык мааракесине карата аталган сыйлыктын ээлери СССР мезгилинде жана азыркы мезгилде да өз ара аракеттердин негизинде жетишилген ийгиликтер менен байланышкан татыктуу инсандар болду. Алар жалпы бир тарых менен байланышкан, бүгүнкү күнүн да ЕАЭБне катышкан мамлекеттердин мамлекеттер аралык, гуманитардык жана экономикалык кызматташуусунун өнүгүүсүнө активдүү катышып жатышат.

“Улуттук улуулук” сыйлыгын мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, белгилүү маданият, спорт чеберлери, Россиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн ишкердик тармагынын өкүлдөрү алышты.

Кыргыз Республикасынын атынан “Намыс жана кадыр” номинациясы боюнча “Улуттук улуулук” сыйлыгына кыргыз совет оор атлетик, 1980-жылдагы Москва шаарында өткөрүлгөн олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку жана Европанын үч жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев татыктуу болду. Ошондой эле жогорку сыйлыкка, ишкер, меценат Аскар Салымбеков жана КРнын ишкердик чөйрөсүндө биздин мекендештер татыктуу болушту.

Маалымат катары: “Улуттук улуулук” сыйлыгы “Ишкердик Россия” коомдук уюму тарабынан РФнын Мамлекеттик Думасынын колдоосу менен 2015-жылы негизделген жана РФнын, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында эн кадыр барктуу көз карандысыз сыйлыктардын бир болуп саналат.

Ар кайсы жылдары сыйлыктарга татыктуу болгондор: Е.М.Примаков, РФнын Соода-өнөр жай палатасынын экс-президенти, С.К.Шойгу, РФнын Коргоо министри, А.Н.Пахмутова, СССРдин Эл артисти, Р,К.Рымбаева, Казакстан Республикасынын Эл артисти, А.М. Карпов, гроссмейстер, П.Бюльбюль – Азербайжандын Россиядагы Элчиси, Ф. Закиров, Өзбекстандын Эл артисти, “Ялла” тобунун негиздөөчүсү, ж.б.

Мындан сырткары, Элчилик олимпиадалык чемпион К.Осмоналиевдин оор атлетика боюнча Олимпиадалык резерв боюнча орто мектептин директору, олимпиада чемпиону (Афина-2004), спорттун эмгек сиңирген чебери, РФнын жана Москва шаарынын Оор атлетика боюнча Федерацияларынын вице-президенти Д.В.Берестов менен жолугушуусунда да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын ортосунда оор атлетика багытындагы спорт боюнча өз ара кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK