Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы дипломатиялык миссиялардын башычылары Беларусь Республикасынын Павел Утюпин жана Кувейт Мамлекетенин Тарек Абдулла М.Альфараджуга сылык визити менен барды

Бүгүн, ушул жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Нур-Султан шаарындагы дипломатиялык миссиялардын башычылары Беларусь Республикасынын Павел Утюпин жана Кувейт Мамлекетенин Тарек Абдулла М.Альфараджуга сылык визити менен барды.

Беларусь Республикасынын Элчилиси Павел Утюпин менен болгон жолугушуунун жүрүшүндө  Кыргызстандын ички саясий абалы, анын ичинде алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу маалымат берилди.

Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан, Беларусь жана Казакстан менен кызматташуусу боюнча маалымат алмашышты.

Өз кезегинде, Кыргызстанда да аккредитацияланган Кувейт Мамлекетинин Элчиси кыргыз тарап менен кызматташуунун учурдагы абалы, ошондой эле Бишкек шаарында боло турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Тараптар чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргызстандын экономикасына кувейттен инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты.

Чет өлкөлүк Элчиликтердин  башычылары Элчи Д.Дюшекеевди Казакстанда дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалашты.

Жолугуушунун аягында тараптар үзгүлтүксүз жумуш байланыштарды кармап турууга макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK