Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын “Türkiye Bursları” аталган программасынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ диплом тапшыруу салтанаттуу аземине катышты

2019-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын “Türkiye Bursları” аталган программасынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ диплом тапшыруу салтанаттуу аземине катышты.  

Салтанаттуу аземге Президент Р.Т.Эрдоган, Тышкы иштер министри М.Чавушоглу, Маданият жана туризм министри М.Н.Эрсой, Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын Башчысы А.Эрен катышты.

Бүтүрүү дипломдорун 165 ѳлкѳдѳн, анын ичинде Кыргызстандан да алышты. Элчи К.Омуралиев бүтүрүүчүлѳрдү диплом алышы менен куттуктап, келечекте кызмат курууларына жана мындан ары ѳнүгүүлѳрүнѳ ийгиликтерди каалап кетти.

Маалымат катары: Учурда “Türkiye Bursları” (Түрк стипендиялары) программасы боюнча ѳз эсебинен же болбосо стипендия боюнча 182 ѳлкѳдѳн 150 миӊ студент Түркияда билим алышууда.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK