Кыргыз Республикасынын делегациясы БУУнун 2023-жылдагы суу боюнча конференциясынын жалпы дебаттарында билдирүү жасады

23-мартта делегациянын жетекчиси – Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев БУУнун Суу ресурстары 2023 конференциясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү.

Алмазбек Сокеев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы суу ресурстарына жана аларды үнөмдүү пайдаланууга, социалдык, экономикалык жана экологиялык максаттарга жетүү үчүн суу ресурстарын комплекстүү башкаруу принциптерин киргизүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. Өлкө жетекчилиги тарабынан мыйзамдарды, анын ичинде Суу кодексин жаңылоо процесси башталганы жана 2023-жылдын февраль айында суу ресурстары чөйрөсүндөгү фундаменталдык программалык документи – Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейинки суу боюнча улуттук стратегиясы кабыл алынгандыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын башчысы ошол эле учурда Кыргызстанда ирригациялык жана энергетикалык инфраструктураны реабилитациялоо жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрүп жатканын маалымдады. Ошону менен бирге суунун экономикалык баалуулугун белгилеп, сууну топтоо, сактоо, башкаруу жана жеткирүүгө кеткен чыгымдар тийиштүү түрдө кайтарылышы керектигин баса белгиледи.

Кыргызстан жогорку агымдагы өлкө катары Борбор Азиядагы суу-энергетикалык ресурстарды комплекстүү пайдалануу үчүн өз ара пайдалуу компенсациялоо механизмин түзүүнү сунуштап, көмөктөшөөрүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK