Кыргызстандын делегациясы "Сэмаыль - 2019 кыймылы" аттуу лидерлердин форумуна катышты

2019-жылдын 28-29-октябрында Сувон шаарында (Корея Республикасы) " Сэмаыл Ундонг - 2019" (жаңы айыл үчүн кыймыл) лидерлердин глобалдуу  форуму, ошондой эле Корея Республикасынын Президенти - Мун Жэ Индин катышуусунда Семаыл улуттук лидерлеринин съезди болуп өттү. Бул иш-чаралар "Жашоо, тынчтык жана урмат-сый" ураанынын астында  өттү.

Өз сөзүндө Корея Республикасынын Президенти  бул кыймыл дүйнө жүзү боюнча 33 миӊден ашуун айылдарды жана 2 миллион үй-бүлөөнү камтып, жакырчылык менен күрөшү, курчап турган чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана элдин биримдигин сактоого багытталгандыгын баса белгиледи.

Бул иш-чараларга Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова курамындагы Кыргызстандын делегациясы, “Кыргызстандын жаңы айылынын кыймылы” уюмунун Президенти Асуан Жакыпов жана  Сокулук районуна караштуу  "Жаңы айыл үчүн кыймылынын" жетекчиси Камчыбек Чырганбаев катышты.

Сокулук районуна караштуу "Жаңы айыл үчүн кыймыл" уюмунун жетекчиси Камчыбек Чырганбаев активдүү ишмердүүлүгү үчүн Семаыл кыймылынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ардак грамотасы менен сыйланды.

Ошондой эле форумдун алкагында  аймактык өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташуу тууралуу Кыргызстандык делегация Сэмаыл Ундонг борборунун президенти Чун Сун Хён мырза жана башка жогорку мамлекеттик кызматкерлер менен кыскача жолугушуу өткөрүштү.

Маалымат үчүн: “Saemaul Undong” - өзүнө-өзү жардам көрсөтүү  жана кызматташуунун  негизинде айылдардын  жана жергиликтүү коомдун  жашоочулары менен бирге жашоо-шарттын  сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берүү менен , жергиликтүү жамааттын өнүгүүсү үчүн түзүлгөн кыймыл болуп саналат. 

Бул кыймыл 1970-жылы Корея Республикасында түзүлгөн. Азыркы учурда, "Saemaul Undong" 9 өлкөдө өз долбоорлорун  ийгиликтүү жүргүзүп келет. Борбордук Азиядан  бул кыймылга  Кыргыз Республикасы катышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK