ЕККУнун жаӊжалдарды алдын алуу боюнча борборунун директору, ЕККУнун Катчылыгынын башчысынын орун басары элчи Туула Юрьёля Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди

ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү талаа миссияларынын башчыларынын Бишкек шаарындагы аймактык жолугушуусуна катышуу максатында ЕККУнун жаӊжалдарды алдын алуу боюнча борборунун (ЖАБ) директору, ЕККУнун Катчылыгынын башчысынын орун басары элчи Туула Юрьёля үстүбүздөгү жылдын 19-21-июлунда Кыргыз Республикасына иш сапары менен келди.

Иш сапарынын алкагында ЖАБдын директору Т. Юрьёлянын Акыйкатчы А.Абдрахматова, Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Т. Масадыков жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Д. Кемелова менен жолугушуусу болуп өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө министрдин орун басары Д.Кемелова ЕККУнун Кыргызстанда өлкө өкмөтүнүн демократияны чыңдоо, социалдык-экономикалык өнүгүү жана коопсуздукту камсыз кылуу, өндүрүштү жана ишкердикти колдоо боюнча күч-аракеттерин колдоого багытталган жигердүү ишмердүүлүгүн белгиледи.

ЕККУ менен экономикалык-экологиялык өлчөө жана жакырчылык менен күрөшүүгө, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга, өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө багытталган социалдык-экономикалык мүнөздөгү долбоорлорду ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү талаа миссияларынын башчыларынын аймактык жолугушуусунда Д.Кемелова өз сөзүндө үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымдап, өткөн саммиттин региондогу өлкөлөрдүн коопсуз жана туруктуу өнүгүүсү үчүн гана эмес, ЕККУнун бүтүндөй аймагы үчүн да маанилүү экендигин белгиледи.

ЕККУ Борборунун директору Т.Юрьёля Ысык-Көлдөгү кезектеги Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусу анын натыйжасы болгон Кыргызстандын аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча аракеттерине оң баа берди.

ЕККУ Кыргызстанга жана Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүнө туруктуу өнүгүүнү, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда мындан ары колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин тастыктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK