Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу 2019-жылдын 5-декабрында ачылыш аземи болгон «Зима. Тепло» жарманкесине катышты
Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу 2019-жылдын 5-декабрында ачылыш аземи болгон «Зима. Тепло» жарманкесине катышты
Иш-чара РФнын Тышкы иштер министрлигинин ѳкүлчүлүгүнүн, Екатеринбург шаарынын Администрациясынын, консулдук мекемелердин, диаспора уюмдарынын, бир катар ѳлкѳлѳрдүн соода ѳкүлчүлүктѳрүнүн жана улуттук маданий борборлорунун катышуусунда ѳткѳрүлдү.
Кыргызстандын жарманкелик үйүндѳ «Кыргызстан-Урал» жана «Кыргызстан биримдиги» диаспора уюмдарынын кѳмѳгү менен уюштурулган улуттук кол ѳнѳрчүлүк буюмдарынын, кийиз, жибек, булгаарыдан даярдалган жасалгалардын кѳргѳзмѳсү уюштурулуп, ар түркүн суусундуктары, жер-жемиштери менен бирге кыргыз улуттук тамак-аштары тартууланды.
Жарманкенин алкагында улуттук буюмдардын кѳргѳзмѳлѳрү, тамак-аш даам татуу, үрп-адаттарды чагылдыруу жана чакан концерт уюштурулду.
Жарманкенин катышуучулары жана меймандары кыргыз улуттук тамак-ашына жана даамдарына жогору баа беришип, эң мыкты павильондордун бири болуп таанылды.