Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

Чет өлкөлөрдө Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун алкагында 2021-жылдын декабрь айынын аягында Министрликтин ишеним телефонуна 2000-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны Д.В.П. кайрылганын маалымдайбыз. Аталган жаран Индиянын Удайпур шаарында белгисиз адамдар тарабынан күчтөп кармалгандыгы тууралуу билдирген.

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигине ыкчам тартипте чара көрүү жана консулдук-укуктук жардам көрсөтүү үчүн КР жараныны тууралу тийиштүү маалымат жөнөтүлгөн.

Элчиликтин өз убагында көрсөткөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында Удайпур шаарынын полициясы Кыргыз Республикасынын жаранын издөөгө алган. Полиция анын жүргөн жерин аныктап, аны бошотуу операциясын жүргүзгөн.

Аталган жаран Элчиликке келгенден кийин Индияга жаңы жылдын алдында таанышынын чакыруусу менен жергиликтүү мейманканага техникалык кызматкер болуп иштөө үчүн келгенин айткан. Алгач жаран таанышы менен жашап, андан кийин Делиден 657 км алыстыктагы Удайпурга жөнөтүлгөн. Ал ошол учурдан тартып эч кандай түшүндүрмөсүз мажбурлап камакка алынган, ошондой эле документтери алынган.

Жогорудагы жаран 2021-жылдын 30-декабрынан тартып 2022-жылдын 9-январына чейин Элчиликтин көзөмөлүндө болуп, андан соң  "Дели-Бишкек" рейси менен мекенине кайтарылган.

Министрлик консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер пайда болгон учурда, чет өлкөдө жүргөн Кыргызстандын жарандары КР чет өлкөлөрдөгү мекемелерине кайрылышы керектигин эскертет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK