КР ТИМдин 2024-жылдын 27-июнуна карата маалымат билдирүүсү
![](/uploads/content/29831/f77379e1-0531-3024-8c3e-e930ef964a0c.jpeg)
Министрлик ЖМКларда жайгаштырылган «Алматыда кыргызстандык кыз терезеден кулап каза болду» деген жаңылыкка байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет.
2024-жылдын 26-июнунда саат 06.50 чамасында 2007-жылы туулган КРнын жараны У.К.Н. Алматы шаарынын Сейфуллина №31/50 көчөсүндө жайгашкан үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулап түшкөн. Кырсыктан алынган оор жаракаттардын натыйжасында аталган жаран каза болгон. Алматы шаарына ал тууганы менен 2024-жылдын 21-майында келген.
КРнын Алматыдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери маркумдун туугандары менен байланышта. Бүгүнкү күнгө маркумдун сөөгүн алып чыгууга компетенттүү органдардан уруксат алынды. Учурда «Жүк 200» аркылуу Кыргызстанга жөнөтүү иштери жүргүзүлүүдө.