Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин жана ведомстволук уюмдарынын жамааты​ Саралинов Марат Уразалиевичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат

Бүгүн, 2021-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагери, Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Профессор Саралинов Марат Уразалиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Марат Уразалиевич 1941-жылдын 9-майында Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин чет тилдер факультетинин бүтүрүүчүсү, билимин Москвадагы Морис Торез атындагы институтунун чет тилдер факультетинде уланткан, ал эми 1972-жылы СССР ТИМинин Жогорку дипломатиялык мектебине кабыл алынган.

Өзүнүн эмгек жолун 1969-жылы СССР дипломатиялык кызмат тутумунда баштаган. Саралинов 28 жаш курагында Кыргыз ССР ТИМинин Башкы катчысы болот, 1974-жылы Александриядагы, Египеттеги СССРдин Башкы консулдугунун вице-консулу кызмат ордуна дайындалат, ал эми 1976-жылы Каирдеги СССРдин Элчилигинин саясий кызматына которулат. 1981-жылы Чет өлкөлөр менен Кыргыз достук жана маданый байланыштар коомунун төрагасынын орун басары, ал эми 1984-жылы Кыргыз ССР ТИМинин башкы кеңешчиси болот. Кийин, 1986-жылы СССРдин Нигериядагы Элчиси болуп дайындалат.

1991-жылы Марат Уразалиевич Кыргызстандын тышкы саясий системасын ордуна келтирүүгө киришүү менен, анын дүйнөлүк коомдоштукка ишенимдүү кирүүсүн камсыдоо менен, тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалат

1996-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Элдик Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалат. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында ишин улантат. 2002-жылы Марат Уразалиевич Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалат.

Кыргызстандын кызыкчылыкдарын билдирип жана коргоо менен көптөгөн эл аралык уюмдардын иштерине, көп тараптуу кеңешмелерге жана конференцияларга активдүү катышкан.

Мансаптуу дипломат, өз ишинин кесипкөйү болуу менен ал Тышкы иштер министрлигин түзүүгө жана көз карандысыз Кыргызстандын тышкы саясатын өнүктүрүүгө чоң салымын кошту.

1969-жылдан 2021-жылга дейре (50 жылдан ашык) эл аралык маселелер боюнча ар кайсы тилдердеги көп сандаган макалалары дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жарыяланган.

2005-жылдан 2021-жылга дейре КР ТИМинин Дипломатиялык академиясында профессор деген кызмат ордунда иштеди, «Дипломатиялык жана консулдук кызмат» кафедрасында анын окуутуу программасы иштелип чыккты, ушул сабак боюнча орус жана кыргыз тилдеринде окуу куралы басылып чыкты. Атайын предметтер боюнча лекцияларды окуу менен ишин баштаган дипломаттарды даярдоого жана дипломатиялык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга катышты. Насаатчы катары өзүнүн бай кесиптик жана турмуштук тажрыйбаларын үйрөттү, урмат-сыйга ээ болуп, жаш адистер жана коллегалар үчүн үлгү болуп кызмат кылды.

М.Саралинов жогорку деңгелдеги кесипкөй катары мамлекеттик сыйлыктар («Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, «Данк» медалы, «Манас-1000» эстелик медалы жана КРнын Ардак грамотасы, «КР Билим берүүнүн отличниги» значогу) менен сыйланган. Дипломатиялык рангалары: биринчи класстагы СССРдин Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, КРнын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси жана экинчи класстагы Мамлекеттик кеңешчинин класстык чини болгон. Кытай улутунун Борбордук университетинин Ардактуу профессору, Чыгыш Европа жана Борбор Азии ИИИнин Ардактуу саясат таануучу-изилдөөчүсү жана Араб маданияты, ойлору жана адабияты ассоциациясынын Ардактуу мүчөсү болуп саналган.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жетекчилиги жана жамааты, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдар тутумунун чет өлкө мекемелери жана ведомствого караштуу уюмдары Саралинов Марат Уразалиевичтин туугандарына жана жакындарына анын дүйнөдөн мейгилсиз кайтканына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтуусун билдиришет.

Марат Уразалиевич жөнүндөгү жаркын элес анын туугандарынын, коллегаларынын, досторунун жана окуучуларынын жүрөктөрүндө түбөлүккө сакталат!

КР ТИМинин жетекчилиги жана кызматкерлери

КР Дипломатиялык кызматынын ардагерлери

КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын кызматкерлери

КР ТИМинин Коомдук кеңеши

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK